Бишкекте жүргүнчүлөрдү ташыган №64 автобус арыкка түшүп кетти. Окуянын чоо-жайы
19 июнь

Бишкекте жүргүнчүлөрдү ташыган №64 автобус арыкка түшүп кетти. Окуянын чоо-жайы

Бишкекте «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасына таандык №64 автобус жол кырсыгын болтурбоо аракетинде арыкка түшүп кетти.

Алдын ала маалыматтарга караганда, жеңил унаанын айдоочусу кооптуу манёвр жасап, автобустун кыймылына тоскоолдук жараткан. Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу жана кагылышуунун алдын алуу максатында коомдук транспорттун айдоочусу багытын кескин өзгөртүүгө аргасыз болгон.

Натыйжада автобус эки дөңгөлөгү менен арыкка түшүп кеткен. Ошол эле учурда автобус менен жеңил унаанын ортосунда кагылышуу катталган эмес. Окуядан кийин жеңил унаанын айдоочусу кырсык болгон жерден кетип калган.

Кийинчерээк автобус атайын техниканын жардамы менен арыктан чыгарылды. Учурда окуянын бардык жагдайлары такталууда.

«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого жана коомдук транспорттогу жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн жоопкерчиликти эске алууга чакырды.