Бишкекте эркек кишини темир чынжырга "кишендеп" койгон: буга акча карызы себеп болгон
Бишкекте эркек кишини чынжыр менен "кишендеп" коюшкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, буга акча карызы себеп болгон. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Окуя социалдык тармактарга тараган видеодон кийин белгилүү болду. Анда жабырлануучу кишинин чынжырга "кишенделген" абалда экени, ал эми куткаруучулар атайын шаймандардын жардамы менен аны бошотуп жатканы көрсөтүлгөн. Алгач видеонун авторлору бул ишти эркектин жубайы жасаган деп божомолдошкон.
Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси («Мыйзамсыз эркиндигинен ажыратуу») боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүп, окуянын бардык жагдайлары такталууда.
