Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери мечиттерден уурулук кылууга адистешкен шектүүнү кармашты
2026-жылдын 7-январында Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБна Б.А. аттуу жаран жазуу жүзүндө арыз менен кайрылып, белгисиз адамга карата чара көрүп берүүнү суранган. Арызда ошол эле күнү болжол менен саат 16:30 чамасында «Дордой» базарынын аймагында жайгашкан мечитте намаз окуп жаткан учурда белгисиз адам жашыруун түрдө төмөнкү буюмдарды уурдап кеткендиги көрсөтүлгөн: акча салынган капчык, «iPhone» үлгүсүндөгү уюлдук телефон жана арыз ээсинин жеке буюмдары. Андан соң кылмышкер белгисиз багытка изин сууткан.
Бул факты боюнча райондук башкармалыктын тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен кылмыш ишин козгоду.
Тергөөнүн жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган, 2008-жылы туулган А.С.ны кармап, милиция бөлүмүнө жеткиришкен. Алдын ала маалыматтарга ылайык, ал мечиттерден уурулук кылууга адистешкен.
Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү кылмыш жолу менен алынган уюлдук телефонду «Ош базарынын» аймагында 3 миң сомго сатып жибергенин, ал акчаны жеке муктаждыктарына коротконун билдирген.
Учурда тергөө иштери улантылууда, ошондой эле анын Бишкек шаарынын аймагында ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу текшерилүүдө.
Аталган шектүүнүн мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган жарандар же кандайдыр бир маалыматка ээ болгон адамдар төмөнкү телефондор аркылуу кайрыла алышат: 0999 15-07-36 же 102.
