КР УКМК
15 май
Кара-Балта шаарынын четинде курал-жарак жана ок-дарылар катылган жай аныкталды
Эл аралык террордук жана экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгүнө каршы аракеттенүү, ошондой эле курал-жарак, жардыруучу заттар жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү каналдарына бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР УКМК тарабынан Кара-Балта шаарынын четинде курал-жарак жана ок-дарылар катылган жай аныкталды.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жашыруун жайдан 7,62 мм калибрдеги ок-дарылар, жылмакай стволдуу куралга арналган октор, ошондой эле калибри тактала элек ок-дарылар, Шпагиндин сигналдык тапанчасы, маркасы тактала элек 4 тапанча жана 1 даана АК-74 автоматы табылып, алынды.
Атайын кызмат жашыруун жайды уюштурууга тиешеси бар болушу мүмкүн болгон адамдарды аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө.
