№27 түзөтүү мекемесинин мурдагы башчысы пара алууга шектелип кармалды
Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, пара алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду, деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, ички иштер органдарына 1969-жылы туулган К.Ш. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Жаза аткаруу кызматынын түзөтүү мекемесинин биринин башчысына карата чара көрүүнү өтүнгөн.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын декабрь айында 209-беренеси “Алдамчылык” боюнча соттолгон адамды шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселесин чечүү үчүн кызматкер андан 30 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алган.
Бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси “Пара алуу” менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө №27 түзөтүү мекемесинин мурдагы башчысы 1984-жылы туулган Т.М. кармалып, Бишкек шаардык ИИББнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Ички иштер министрлиги аталган адамдын мыйзамсыз аракеттеринен жабыр тарткан жарандарды 0709 843 307 же 102 номуруна кайрылууга чакырат.
