Ош шаарында жаңы жол ачылат
22 август

Ош шаарында жаңы жол ачылат

Ош шаарындагы Б.Нурматов көчөсүн Курманжан-Датка көчөсүнө бириктирүүчү жаңы жол куруу пландалууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолдун узундугу – 180 метр. Эки багыттуу, 6 тилкелүү жол заманбап талаптарга ылайык иштелип чыгууда.

Долбоордо:

  • Ирригациялык түйүндөр,
  • Жашыл аймактар,
  • Жөө адамдар үчүн жолдор,
  • Жарыктандыруу системалары камтылган.

Мэриядан  жаңы жол ачылса автоунаа тыгыны кыйла азая тургандыгын кошумчалашты. Ошондой эле шаардыктар үчүн ыңгайлуулук жаралат жана инфраструктуралык өнүгүүгө чоң салым болот.

Эскиз долбоор Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан даярдалган.