Президент бир катар кызмат адамдарына жогорку аскердик жана атайын наамдарды ыйгарды
23 февраль

Президент бир катар кызмат адамдарына жогорку аскердик жана атайын наамдарды ыйгарды

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык,

  • Ниязбеков Улан Омокановичке «милициянын генерал-полковниги» жогорку атайын наамы,
  • Шабданбеков Жумгалбек Кумаровичке «генерал-лейтенант» жогорку аскердик наамы,
  • Намазов Акылбек Закировичке, Шадыбеков Уранбек Амановичке, Отонбаев Тариэль Зарылбековичке, Шаршеев Талайбек Имашовичке, Талипов Талантбек Медербековичке, Эрбаев Алишер Ташбаевичке «генерал-майор» жогорку аскердик наамы
  • Бектурганов Малик Маамыталиевичке «юстициянын генерал-майору» атайын наамы ыйгарылды.