Баткенде Чернобыль апаатынын курмандыктары эскерилди
Баткенде Чернобыль апаатынын курмандыктары эскерилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Иш-чарага облус башчысы Мамыржан Рахимов баштаган жергиликтүү жетекчилер, Чернобль окуясынын катышуучулары жана алардын жакындары катышты.
Эскерүүнүн жүрүшүндө Чернобыль кырсыгынын курмандыктарына арналып тургузулган эстеликке гүл чамбарлар коюлуп, куран окулду.
Адамзат тарыхындагы эң оор апаат катары тарыхта калган бул күн, миңдеген адамдардын тагдырын өзгөртүп, жер бетине орду толгус зыян алып келген. Бирок дал ошол учурда өз өмүрүн тобокелге салып, апааттын кесепеттерин жоюуга катышкан эр жүрөк адамдардын кайраты дүйнө жүзүнө үлгү болгон.
1986-жылы 26-апрелде болгон бул окуянын кесепеттерин жоюуга Баткен облусунан 146 адам барган болсо, азыр алардын 83ү арабызда.
Бул күнү ардагерлердин эрдиги бааланып, облус башчысынын сыйлыктары ыйгарылды.
