Бишкекте 105 миң АКШ долларын алдамчылык жолу менен алган шектүү кармалды
Бишкек шаарынын ИИББна У.Ж. аттуу жаран жазуу жүзүндө арыз менен кайрылып, анда жаран А.Э.ге карата чара көрүүнү суранган.
Арыз ээсинин айтымында, А.Э. атайылап жана пайда табуу максатында өзүн жогорку кызматтагы аткаминердин уулунун таанышы, классташы катары тааныштырып келген. Ошондой эле ал «офисте» иштей турганын айтып, салык жана башка мамлекеттик органдарга байланыштуу финансылык маселелерди чечип бере аларын билдирген.
У.Ж жаранга өзүнүн чыныгы мүмкүнчүлүктөрү тууралуу жаңылыш маалыматтар менен алдап, ишенимине кирген шектүү анын акча каражаттарын ээлеп алган.
Тактап айтканда, 2026-жылдын 17-февралынан 21-февралына чейин Бишкек шаарындагы Горький көчөсүндө, жогорудагы маселелерди чечип берүү шылтоосу менен А.Э. аттуу арыз ээсинен 105 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алып, кийин милдеттенмелерин аткарбастан жана акчаны кайтарбастан из жашырып кеткен.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө жана тергөө иш-чараларынын натыйжасында Бишкек шаарынын ИИББнын кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан шектүү 1985-жылы туулган А.Э., мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган жаран кармалды.
Учурда окуянын бардык жагдайларын тактоо боюнча тергөө иштери улантылууда.
