Курсан Асанов менен Аалы Карашев кармалды. Окуянын чоо-жайы
12 февраль

Курсан Асанов менен Аалы Карашев кармалды. Окуянын чоо-жайы

Массалык башаламандыктарды уюштурууга шектелген дагы эки жаран кармалды, деп билдирет Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, буга чейин, 2026-жылдын 9-февралында интернет булактарына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына тараган маалыматтарга байланыштуу башаламандыкты уюштурууга шектелген бир нече жарандар аныкталып кармалган.

Белгилей кетсек, булардын мындай иш аракеттери коомдогу саясий чыңалууга, коомдук ажырымга алып келмек. Ошондой эле өлкөдөгү туруктуулукту солгундатып, жалпы команданын ички биримдигине терс таасир тийгизүүгө максатталган.

Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүмүндө (Массалык башаламандыктар) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө, бул кылмыш ишинин демилгечилери жана активдүү катышуучулары катары дагы эки жаран аныкталып, кармалган: 1966-жылы туулган А.К жана 1968-жылы туулган К.А.

Алар массалык башаламандыктарды уюштурууга жана башка кылмыштарга катышы бар деген негизде шектелүүдө.

Шектүүлөр Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кармалган жарандардын жашаган даректеринде тинтүү иштери жүргүзүлдү.

Алдын ала маалыматтар боюнча, алар айрым жарандарды бириктирген топ түзүп, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү боюнча кайрылууларды уюштурууга жана коомчулук арасында такталбаган маалыматтарды жайылтууга аракеттенишкен.

Учурда бардык фактылар боюнча тергөө амалдары улантылууда.