Ош шаардык №4 Үй-бүлөлүк медицина борборуна тез жардам унаасы тапшырылды
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Жибек-Жолу муниципалдык аймагынын жашоочулары менен болгон жолугушууда көтөрүлгөн маселелердин негизинде аймакта тез жардам унаасынын жетишсиздиги боюнча жарандын кайрылуусун ыкчам карап чыгып, кыска мөөнөттө чечим кабыл алды.
Жарандардын кайрылуусунун негизинде Ош шаардык №4 Үй-бүлөлүк медицина борборуна (ҮМБ) жаңы тез жардам унаасы расмий түрдө тапшырылды.
Тапшырылган унаа калкка көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын сапатын жогорулатып, өзгөчө кырдаалдарда бейтаптарды өз убагында жеткирүүгө жана медициналык жардамды ыкчам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Иш-чаранын алкагында шаар башчысы медицина кызматкерлерине ийгилик каалап, шаар тургундарынын саламаттыгын коргоо — муниципалитеттин башкы приоритеттеринин бири экенин белгиледи.
