Кыргызстан менен Өзбекстандын транспорт министрлери кызматташтыкты талкуулашты
12 февраль

Кыргызстан менен Өзбекстандын транспорт министрлери кызматташтыкты талкуулашты

Кыргызстан менен Өзбекстандын транспорт министрлери Абсаттар Сыргабаев менен Илхом Махкамов жолукту. Бул тууралуу КР Транспорт министрлигинен кабарлашты. 

Тараптардын жолугушуусу Стамбулда өтүп жаткан Ислам Кызматташтык Уюмунун транспорт министрлеринин 2-жыйынынын алкагында 11-февралда өткөн.

Тараптар эки өлкөнүн транспорт тармагындагы кызматташтыгы тууралуу актуалдуу маселелерди талкуулашты. Тактап айтканда, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча маалымат алмашышты.

Ошондой эле, эки өлкөнүн транзиттик потенциалын толук пайдалануу үчүн учурдагы тоскоолдуктарды алып салуу белгиленди.

Мындан тышкары, Кыргызстандын аймагы аркылуу Пакистан мамлекетине жүк ташуу маселесин жана өзбек айдоочуларына виза алуу суроолорунун алкагында пикир алмашышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бардык көйгөйлүү маселелерди оперативдүү чечүүнү макулдашты. Жолугушуу достук маанайда өттү.