
Көңүл бургула! Бишкектин айрым конуштарында 29-октябрда ичүүчү суу өчүрүлөт
29-октябрнда саат 9:00 - 23:00гө чейин айрым аймактарда суу берүү убактылуу өчүрүлөт, деп билдирет Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы.
Мындай чара «Батыш» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу көрүлүүдө.
Өчүрүү району:
• Алыкулов к. – Кустанай к. - ЧЧК – Ала-Арча суусу – Рыскулов к. (.Д. Сяопин пр.) – Интергельпо к. – Темир жол тилкеси;
•(Прогородный айыл аймагы) Юбилейный к. – Горький к. –Садовый к. (Прогородный айылы) – ЧЧК.
•«Аскер шаарчасы», «Кызыл Аскер», 110 квартал конуштары, Достук к-р.
«Бишкексууканал» МИси келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.