Манас шаарынын мэриясынын борбордук аппаратына жаңы мэр Абдупата Маткаликов тааныштырылды
23 февраль

Манас шаарынын мэриясынын борбордук аппаратына жаңы мэр Абдупата Маткаликов тааныштырылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Манас шаарынын мэриясынын борбордук аппаратына жаңы мэр Абдупата Маткаликовду тааныштырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

МинКаб башчысы мэрдин алдында турган артыкчылыктуу милдеттерди белгиледи, анын ичинде шаардын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, калктын жашоо сапатын жакшыртуу, инвестиция тартуу жана социалдык маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу.

Министрлер кабинетинин төрагасы Манас шаарынын мэрине жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.