Жогорку Кеңештин комитети «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү биринчи окууда жактырды
Бүгүн, 23-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, жактырды.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси – Министрлер кабинетинин төрагасы.
Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгынын башчысынын орун басары Алмаз Раимбеков белгилегендей, «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 43-беренесинин колдонуудагы редакциясына ылайык, 16 жашка чыга элек жарандарга жалпы жарандык паспорт берүү алардын ата-энелеринин арызы (макулдугу) менен гана мүмкүн болот.
«Иш жүзүндө бул талап көп учурда олуттуу кыйынчылыктарды жаратат. Ата-энесинин экөөнүн тең макулдугун алуу дайыма эле мүмкүн боло бербейт. Ата-энесинин бири чет мамлекетте болушу мүмкүн, карым-катыштан баш тартышы, баланы тарбиялоого катышпай калышы же анын кайда экендиги такыр белгисиз болушу ыктымал. Мындай жагдайда баланы багып жаткан ата-эне уруксат алуу үчүн сотко кайрылууга аргасыз болот. Сунушталып жаткан мыйзам долбоору жашы жетек электерге жалпы жарандык паспорт алууга байланыштуу маселени жөнгө салууга багытталган», – деди Алмаз Раимбеков.
Талкуу учурунда депутат Гүлшаркан Култаева 43-берененин 5-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, 16 жашка чыга элек жаранга жалпы жарандык паспорт берүүгө көңүл бурду. Министрлер кабинетинин өкүлдөрү эгер бала чет өлкөдө болсо, анын коопсуздугу үчүн 43-берененин 5-бөлүгү каралган деп билдиришти. Ага ылайык, Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан 16 жашка чыга элек балага жалпы жарандык паспорт берүү ата-энесинин экөөнүн тең макулдугу менен ишке ашырылат. Эгер ата-энесинин бирөөсүнүн өтүнүч каты жок болгон учурда жалпы жарандык паспорт алуу соттун чечими менен ишке ашырылат.
Депутат Гүлсүнкан Жунушалиева 16 жашка чыга элек балдардын коопсуздуктарынын кепилдиктери боюнча маселе көтөрдү.
Ал эми комитеттин төрайымы Токтобүбү Ашымбаева мыйзам долбооруна жарандын кайрылган жеринде паспортторду тариздөө жана берүү боюнча жобону киргизүүнү сунуштады.
