Кыргызстанда бир жумада 30 миңге жакын жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды
Кыргызстандын аймагында 16сынан 22-февралга чейин алдын ала маалымат боюнча, 29 миң 894 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан (ЖКККББ) кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 3 170;
- Мас абалында унаа башкаруу - 207;
- Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 155;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 1 202;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 4 326;
- Автоээнбаштык - 25;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 3 602;
- Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 5;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 13 686;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 516 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
