Эми «Түндүк» тиркемеси аркылуу автоунааларды каттаса болот
16 декабрь

Эми «Түндүк» тиркемеси аркылуу автоунааларды каттаса болот

Президенттин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борборунда эми «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу транспорт каражаттарын онлайн кайра каттоо кызматы ишке кирди. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди. 

Анын айтымына караганда, эми жарандар «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу транспорт каражаттарын онлайн кайра каттоо кызматын колдоно алышат.

««Түндүк» аркылуу транспорт каражаттарын онлайн кайра каттоо кызматы мамлекеттик маалыматтык системалар менен интеграцияланган. Бул жарандарга кызматтарды аралыктан, тез жана ыңгайлуу түрдө пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет, ошол эле учурда адам факторун азайтып, коррупциялык тобокелдиктерди кыскартууга шарт түзөт», – деп билдирди ал.

Бул жаңылануулар жарандар үчүн ыңгайлуулукту арттырып, убакытты үнөмдөөгө, документтердин коопсуздугун жогорулатууга жана мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Натыйжада, транспорт каражаттарын каттоо процесси заманбап, ачык жана ыкчам форматка өтөт.