президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
30 июнь
Баткен шаарындагы Калкты тейлөө борборунун имараты оңдолууда
Баткен шаарындагы Калкты тейлөө борборунун имараты оңдолууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлугүнөн кабарлашты.
Облус башчысынын биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев иштин жүрүшүнөн кабар алып, бир катар тиешелүү тапшырмаларды берди.
Учурда борбордун кызматкерлери убактылуу Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрынын имаратында жарандарды кабыл алып, кызмат көрсөтүп жатат.
Оңдоо иштери аяктагандан кийин КТБда жарандар үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттар түзүлүп, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
