Кыргызстан менен Россия эмгек мигранттарын медициналык камсыздандыруу маселелерин талкуулашты
Эмгек министрлиги
27 май

Кыргызстан менен Россия эмгек мигранттарын медициналык камсыздандыруу маселелерин талкуулашты

Москва шаарында 26-майда Кыргызстандын делегациясы — эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри К. Сагынбаев, саламаттык сактоо министри Д. Осмонов, тышкы иштер министринин орун басары А. Имангазиев, ошондой эле КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы А.К. Муканов Россия Федерациясынын саламаттык сактоо министри М.А. Мурашко, РФ Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы — министрдин орун басары О.О. Салагай жана Россия Федерациясынын Милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча федералдык фондунун төрагасы И.В. Баланин менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саламаттык сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин, анын ичинде Россия Федерациясынын аймагында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрүн медициналык камсыздандыруу маселелерин талкуулашты.