«Ала-Тоо» депутаттык тобу «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКтын ишмердүүлүгү менен таанышты
Бүгүн, 10-апрелде «Ала-Тоо» депутаттык тобунун жетекчиси Талайбек Масабиров баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Мавлюда Калбердиева, Гүлжан Сатиева, Чолпон Эсенаманова, Бактыяр Калпаев, Азамат Исираилов, Болотбек Борбиев, Жумабек Салымбеков көчмө жыйындын алкагында «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты.
Алсак, депутаттар мамлекеттик камсыздандыруу ишканасынын техникалык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алып, имараттын ичин көрүп чыгышты.
2025-жылы «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» Кыргызстандагы камсыздандыруу рыногунда алдыңкы орунду ээлеп, 2 млрд 456 млн сом сый акы чогулткан. Ал эми келишимдердин саны 721 857ге жетсе, төлөмдөр 146 миллион сомдон ашкан. Уюмда учурда 220дан ашык кызматкер эмгектенип, аймактарда кызматкерлеринин санын көбөйткөн. Мекеме алдыда ислам принциптерине негизделген «Такафул» камсыздандыруусун киргизүү, айыл чарба субсидияларын жана жеке камсыздандырууну өнүктүрүү максатын көздөөдө.
«Ала-Тоо» депутаттык тобунун жетекчиси Талайбек Масабиров жүргүзүлүп жаткан иш чараларды күчөтүү менен катар, табигый кырсыктар көп катталган алыскы аймактардагы жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.
«Көпчүлүк адамдар камсыздандыруу кызматтарынын пайдасын жана артыкчылыктарын толук билбей келишет. Ошондуктан, жарандарды маалымат менен камсыз кылуу аркылуу алардын финансылык коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле камсыздандыруу рыногунун туруктуулугун бекемдөө маанилүү», - деди эл өкүлү.
Талкуу маалында депутат Чолпон Эсенаманова кырсыкка кабылган жарандардын турак жайына берилүүчү төлөмдөрдү көбөйтүп, аларды кечиктирбей жеткирүү зарылдыгын баса белгиледи. Ошондой эле камсыздандыруу төлөмдөрүн алуу тартибин жеңилдетүүнү сунуштады.
Ал эми депутат Гүлжан Сатиева эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты күчөтүп, санариптик технологияларды кеңири колдонуу аркылуу тармакты жаңы деңгээлге чыгаруу керектигин айтты. Өз кезегинде эл өкүлдөрү Болотбек Борбиев менен Мавлюда Калбердиева мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун ишмердүүлүгүн өркүндөтүү багытындагы өздөрүнүн бир катар сунуш пикирлерин айтышты. Мындан тышкары депутат Бактыяр Калпаев камсыздандыруу механизмдерин жөнөкөйлөтүп, төлөмдөрдү ыкчам жүргүзүү жарандардын ишенимин арттырарын жана бул тармакка көбүрөөк адамдарды тартууга шарт түзөрүн билдирди.
Депутаттык топтун көчмө жыйынынын соңунда «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКтын ишмердүүлүгү боюнча маалымат жактырылып, бир катар сунуш пикирлерди эске алуу менен тиешелүү чечим кабыл алынды.
