“Журналисттердин мыйзам бузуусу улана берсе”, Эрулан Көкүлов “көп маалыматтарды ачыкка чыгарат” 
18 март

“Журналисттердин мыйзам бузуусу улана берсе”, Эрулан Көкүлов “көп маалыматтарды ачыкка чыгарат” 

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Көкүлов “жакшы журналисттерден” кечирим сурады. 

“Мага айтышат, “жакшы деле журналисттер бар да, эмнеге жалпылап айтып жатасың” деп. Ооба, билем, жакшы журналисттер бар. Мен алардан чын дилимден кечирим сурайм”, – деди. 

Ал буга чейин парламент жыйынында президент келгенде, ага суроо бергенин жана аны журналисттер башка мааниде чыгарып койгонуна токтолду. 

“Мени президентке даттанды деп чыгарышыптыр. Ушу эми журналисттик этикага жатабы? Качантан бери журналистика ушундай болуп калды эле. Анда мен айыл өкмөт башчысына, акимге, губернаторго, министрлерге да даттанат турбаймынбы. Азыр Көкүлов өзүн коргоп жатат деп ойлойсуңар. Айтилек Орозбеков деген бала бар, кыргыз тилин коргоп жүрүп, эки жолу камалды. Бир жылдан бери үй камагында. Башка эле бир адам компьютердин клубка барып, кыргыз тили боюнча мыйзамды талап кылганын, Айтилекке төңкөрүп чыгарышты. Болбосо видеодон үн такыр башка, Айтилектики эместиги билинип турат. Журналисттер, эки тараптуу көз караш кайда калды, Айтилекке чалып: “Ушул сенсиңби?” – деп сурап коюш оор болдубу? Силер каалаганыңарды кылып көнүп калгансыңар, мыйзамды сактабайсыңар. Айтилектин соту ошол видеонун айынан артка жылдырылды. Анын үйүндө бошошун күтүп отурган жакындары бар. Журналисттердин катачылыгы үчүн артка жылдырылды. Силер мыйзамды одоно бузуп, баланын өмүрү менен ойноп жатасыңар”, – деди Көкүлов. 

Ошондой эле депутат эгерде мыйзам бузуу улана берсе анын да айта турганы бар экенин белгиледи.