Талас дарыясына агып кеткен өспүрүмдү издөө иштери улантылууда
видеодон алынган кадр
30 июнь

Талас дарыясына агып кеткен өспүрүмдү издөө иштери улантылууда

Талас дарыясына агып кеткен өспүрүмдү издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты. 

Учурда издөө-куткаруу иштерин Талас району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары жүргүзүп жатат.

Суунун агымынын катуулугу жана нугунун өтө күчтүү болушу издөө иштерин татаалдаштырууда. Ошого карабастан, куткаруучулар дарыянын жээгин жана кооптуу тилкелерди кылдат текшерип, издөө иштерин улантышууда.

Эске салсак, 23-июнда 2011-жылы туулган өспүрүм Талас дарыясына түшүп кеткен. Андан бери издөө иштеринен жыйынтык жок.