Бишкек мэриясы
23 июль
Бишкекте Васильевский тракт көчөсүн реконструкциялоонун алтынчы этабы башталат
Бишкек шаарында Васильевский тракт көчөсүн реконструкциялоо иштери уланууда. 24-июлдан тартып Комсомол айылына бурулган жерден Фучик көчөсүнө чейинки тилкеде оңдоо иштеринин алтынчы этабы башталат.
Мэриянын маалыматына караганда, оңдоо иштеринин жүрүшүндө жолдун бир тарабы оңдолот.
Унаа кыймылы каршы тилке аркылуу эки багытта тең уюштурулат. Көчөнү толугу менен жабуу каралган эмес.
Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаменти айдоочуларды жол белгилеринин талаптарын так сактоого, оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткан тилкеде өзгөчө этият болууга жана каттамдарын алдын ала пландаштырууга чакырат.
