Бишкек мэриясында жолдорду куруу жана реконструкциялоо иштериндеги көйгөйлүү маселелер талкууланды
23 июль

Бишкек мэриясында жолдорду куруу жана реконструкциялоо иштериндеги көйгөйлүү маселелер талкууланды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасынын алкагында борбор калаанын мэриясынын жыйындар залында подряддык уюмдардын өкүлдөрү менен кеңешме өткөрүлдү.

2026-жылы 127 көчөдө жумуштарды аткаруу жана 29 көчөнүн жөө адамдар өтүүчү тротуарларын оңдоо пландаштырылган. Учурда 119 объектте иштер башталып, 46 объектте, анын ичинде автомобилдик жолдордун 33 тилкесинде жана тротуарлардын 13 тилкесинде оңдоо аяктады.

Төмөнкү автоунаа жолдорунда курулуш жана оңдоо иштери аяктады:
• «Жал» кичи району – № 92 жана № 94 үйлөрдүн ортосунда;
• Жайыл Баатыр көчөсү – Арча-Бешик көчөсүнөн «Мурас Юнайтед» стадионуна чейин;
• Жайыл Баатыр көчөсү – «Евразия» сейил багынан Муромск көчөсүнө чейин;
• 5-кичи район – Железнов көчөсү, № 3 мектептин стадионунун түштүк тарабы, № 138 МББҮ жанында;
• 5-кичи район – Миррахимов көчөсүнөн № 28, 29, 30 жана 30а үйлөрдү бойлой;
• 6-кичи район – № 12/1 үйүнөн № 14/1 үйүнө чейин;
• 8-кичи район – Сүйөркулов көчөсүнөн № 4, 6, 8, 8/1, 14, 15, 16, 17, 18, 42, 77 жана 79 үйлөрдү бойлой;
• Рижский көчөсү – Кара-Балта көчөсүнөн Республика көчөсүнө чейин;
• Делбирим көчөсү – Профсоюз көчөсүнөн Аскер шаарчасына чейин;
• «Ак-Босого» конушу – Кичи Чүй каналынын боюндагы Безымянная  көчөсүн бойлой;
• Безымянная көчөсү Кичи Чүй каналы – Республика көчөсүнөн Коммунаров көчөсүнө чейин;
• Кудрук көчөсү – Краснодонцев көчөсүнөн Малышев көчөсүнө чейин;
• Коммунаров көчөсү – Фучик көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейин;
• «Жеңиш» конушу – №4 көчө;
• Кожевенная көчөсү – Аул көчөсүнөн Элебесов көчөсүнө чейин;
• Можайский көчөсү – Орозбеков көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
• «Чыгыш-5» кичи районундагы №22 үйдүн ички короосу;
• Шабдан Баатыр проспектисиндеги №51 жана №55 үйлөрдүн ички короолору;
• «ЖЭБ- шаарчасы» – Достоевский көчөсүнөн №51 үйгө чейин;
• Чүй проспектисиндеги №26 үйдүн ички короосу;
• Ибраимов көчөсүндөгү №63 үйдүн ички короосу;
• Ибраимов көчөсүнүн түштүк тарабындагы №57 үйдүн жанындагы тротуар;
• Ибраимов көчөсүндөгү №29 үйдүн ички короосу;
• Үсөнбаев көчөсү – Токтогул жана Москва көчөлөрүнүн аралыгы;
• Чүй проспектисиндеги №115а үйүнүн кире беришиндеги жол;
• Герцен көчөсү;
• Элебесов көчөсү – Кожевенная көчөсүнүн Түндүк Ибраимов көчөсүнө чейин, «Джунхай» базарынын түштүк тарабы;
• Лев Толстой көчөсү – Садырбаев көчөсүнөн Т.Фрунзе көчөсүнө чейин;
• «Кырк-Кыз» конушундагы Клин көчөсү – Кахов көчөсүнөн Лущихин көчөсүнө чейин;
• Мессарош көчөсү – Профсоюз көчөсүнөн Аска-Таш көчөсүнө чейин;
• Аска-Таш көчөсү – Мессарош көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин;
• Безымянная көчөсү – Архитектурная көчөсүнөн Чүй-16 көчөсүнө чейин;
• Широкая көчөсү – дарыядан Керамическая көчөсүнө чейин.

Тротуарларды оңдоо иштери төмөнкү участоктордо аяктады:

• Куттубаев көчөсү – Айтиев көчөсүнөн Токомбаев көчөсүнө чейин;
• 4-кичи район – еврей мектебинин түндүк тарабы;
• 4-кичи район – №26 мектептин түндүк тарабы;
• Мидин көчөсү – Жеткинчек көчөсүнөн Жаз көчөсүнө чейин;
• Манас проспекти – Жибек Жолу проспектисинен Ташкент көчөсүнө чейин;
• Учкун айылы – Васильев трактысынан Береговая көчөсүнө чейин;
• Көкчөтай көчөсү – Кызыл-Кыя көчөсүнөн Махатма Ганди көчөсүнө чейин;
• Алтын-Ордо конушу – Кадырабай-Ата көчөсүнөн Кадыр-Ата көчөсүнө чейин, түндүк тарабы;
• 7-кичи район – 16а/3-үйдөн 16а-үйгө чейин;
• Көк-Жар кичи району – 22/4-үйдөн 23/2-үйгө чейин;
• Москва көчөсү – Тоголок Молдо көчөсүнөн Манас проспектине чейин;
• Жибек Жолу проспекти – Курманжан Датка көчөсүнөн Будённый көчөсүнө чейин (түндүк тарабы).

Подряддык уюмдарга белгиленген талаптарды сактабоо, келишимдик милдеттенмелерди талаптагыдай аткарбоо жана аныкталган кемчиликтерди жоюу тийиштүү чараларды көрүүгө алып келери эскертилди. Белгиленген тартипте мындай уюмдарды ишенимсиз  жеткирүүчүлөрдүн реестрине киргизүү маселеси көтөрүлөрү маалымдалды. Бул өз кезегинде муниципалдык тапшырыкчылардын ишениминен ажыроого жана мыйзамдарда каралган чектөөлөргө ылайык келечекте мамлекеттик сатып алууларга катышуу жана шаардык кызматтар менен келишим түзүү мүмкүнчүлүгүн чектөөгө алып келет.

Талкуунун жүрүшүндө подряддык уюмдардын өкүлдөрү айрым тилкелерде жумуштарды аткарууга тоскоолдук жараткан жана тийиштүү шаардык кызматтардын катышуусун талап кылган бир катар көйгөйлүү маселелерди белгилешти.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча подряддык уюмдардын жана шаардык кызматтардын катышуусу менен көйгөйлүү тилкелерде көчмө кеңешме өткөрүү чечими кабыл алынды. Жерине чыгуунун жүрүшүндө ар бир маселени түздөн-түз ордунда карап чыгуу, аны чечүүнүн конкреттүү жолдорун, жооптуу аткаруучуларды жана аткаруу мөөнөттөрүн белгилөө пландалууда.