Бийиктиги 32 метр. Бишкекте башкы балатынын оту жанды
Бишкектин башкы аянтында бүгүн, 15-декабрда башкы балатынын оту жанды. Анын бийиктиги 32 метр.
Балаты Бишкек шаарынын гербинин түсүнө шайкеш 7 миң көк жана күмүш түстөгү шарлар менен кооздолду.
Иш-чарага мэр Айбек Жунушалиев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов, шаардык кызматтардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.
