Базар-Коргондогу “Сол жээк” каналын модернизациялоо иштери башталды
7 март

Базар-Коргондогу “Сол жээк” каналын модернизациялоо иштери башталды

Базар-Коргон районунун Карача айылындагы Кара-Үңкүр-Сай ирригациялык системасына караштуу “Сол жээк” каналын модернизациялоо иштерине старт берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков, облус башчысы Тилек Текебаев, Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик жана айыл тургундары катышты.

Долбоор Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Анын негизги максаты – ирригациялык инфраструктураны жаңылоо, суунун жоготууларын азайтуу жана айыл чарбасында сууну пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Белгилей кетсек, аталган канал узак жылдардан бери пайдаланылып келгендиктен, айрым бөлүктөрү эскирип, суунун жоготуусу көбөйүп, дыйкандар үчүн бир катар кыйынчылыктарды жаратып келген.

Модернизациялоо иштери аяктагандан кийин 114 миң калкы бар калктуу конуштардагы 8200 гектардан ашуун айыл чарба жерлери сугат суу менен камсыз болот.