Полковник ММКларды жана блогерлерди үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарын абайлап чагылдырууга чакырды
Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук фактылары 2025-жылга караганда 2026-жылы 30 пайызга көбөйгөн. Бирок бул позитивдүү динамика катары кабыл алынат, анткени калк арасында зомбулук менен жашоого болбойт деген түшүнүк калыптанып, укук коргоо органдарына кайрылган жарандардын катары өсүүдө.
КР ИИМнин коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Данияр Сапарбаев “Биринчи радионун” түз эфиринде үй-бүлөлүк зомбулук акырындык менен жашыруун формадан чыга баштаганын билдирди.
“Мурда үй-бүлөлүк зомбулук болгон учурда дагы же ал маселени ич ара чечишчү же ошол абалда чыдап жашоону уланта беришчү. А азыр милицияга кайрылып жатышат. Бул деген элде зомбулук зыян, өзүңдү коргоо зарыл деген түшүнүк калыптанып баштаганын билдирет. Мурда зомбулукка чыдап келгендер көп болсо, азыр жада калса психологиялык зомбулук үчүн дагы 102ге кайрылгандар көбөйдү”, – деди ал.
Айтымында, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча лидер – Бишкек шаары жана Чүй облусу болууда. Түштүктөгү Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарын кошкондо дагы Бишкек жана Чүйдөгү үй-бүлөлүк зомбулуктун ачыкка чыккан фактыларына жетпейт. Бирок Сапарбаев белгилегендей, муну зомбулук жашыруун түрдө уланып жатат деп кабыл алуу да мүмкүн.
“Учурда үй-бүлөлүк зомбулук боюнча кайрылган ар бир арыз текшерилип, тиешелүү экспертизалар жасалат. Зомбулукка чыдабай өз жанын кыйган трагедиялар да кездешүүдө. Бул өтө сезимтал тема. Албетте, андай нерсенин алдын алуу үчүн калкка маалымдоо иштерин жүргүзүүгө туура келет. Бирок аны кылдаттык менен жеткириш керек. Мындай трагедияларды айрым ММКлар же блогерлер жеринен түз тартып чыгарып, жерге коюлуп жатканынан бери көрсөтүшүүдө. Коомчулук мындай нерсеге абдан аялуу мамиле жасайт. Мындай учурда дагы бир кысымда жүргөн келин ушундай жол менен төркүнүмө, ата-энеме түшүнүктүү боло алат экем, ушундай кылсам мени адамдар жакташат экен деген ойго келиши мүмкүн. Ошондуктан бул теманы таратууда абайлаш керек”, – деди полковник.
Ошону менен катар ал айрыкча, эрте турмушка чыккан келин кайын журту менен жашаган маалда, турмуштук тажрыйба жок болгондуктан жана окшош күндөрдүн кайталануусунан өзүн дайыма кызматта жүргөн кишидей сезип, депрессияга түшүшү мүмкүндүгүн эскертти. Полковник мындай абалда келиндер өлүмдөн башка чечим жоктой сезиши мүмкүндүгүн айтат.
“Бирок силер жалгыз эмессиңер. Психологиялык көмөк керек болгондо 111 шыр номерине кайрылгыла. Бул балдар үчүн психологиялык жардамдын номери, бирок улуу кишилер да кайрылса болот”, – деди Данияр Сапарбаев.
