Оштогу Кең-Сай конушуна толугу менен электр жарыгы берилди
16 декабрь

Оштогу Кең-Сай конушуна толугу менен электр жарыгы берилди

Ош шаарынын Кең-Сай конушун электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында соңку айларда ири иштер аткарылды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Анын алкагында 150 даана электр мамычасы орнотулуп, СИП тибиндеги электр кабелдери тартылды. Ошондой эле 4 даана жаңы трансформатор коюлуп, 3 даана эски трансформатор алмаштырылды.

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев 15-дккабрда аткарылган иштер менен жеринен таанышып, айрым үйлөргө кирип, электр энергиясынын берилишин текшерип көрдү.