Чүй ОИИББ жаш кызматкерлер менен толуктанды
16 декабрь

Чүй ОИИББ жаш кызматкерлер менен толуктанды

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгында 15-декабрда жаш кызматкерлерди кызматка дайындоо боюнча салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чара башкармалыктын жыйындар залында өткөрүлдү.

Чүй ОИИББдин катарын толуктаган жаш кызматкерлер конкурстук сынактан ийгиликтүү өтүп, андан соң Ички иштер академиясынын 3 айлык курсун аякташкан. Ички иштер министрлигинин буйругунун негизинде алар тиешелүү кызмат орундарына дайындалышты.

Салтанаттын жүрүшүндө жаш кызматкерлерге атайын наамдар тапшырылып, жетекчилик тарабынан жакшы каалоо-тилектер айтылды. Ички иштер органдарында кызмат өтөө – жогорку жоопкерчиликти, тартипти жана кесипкөйлүктү талап кылаары белгиленип, мыйзамдуулукту сактоо, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана элдин ишенимин актоо негизги милдет экени баса көрсөтүлдү.

Чүй ОИИББдин өздүк курамына толукталган жаш кызматкерлерге ак ниет кызмат кылып, коомдук тартипти сактоодо жана элге кызмат кылууда ийгиликтерди каалады.