Жол ачык, каттам бар. 19-январга карата ашуулардагы абал
19 январь

Жол ачык, каттам бар. 19-январга карата ашуулардагы абал

Бүгүн, 19-январь саат 11:00гө карата өлкөнүн ашууларында жол ачык, каттам бар, деп билдирет Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы.

Билдирүүгө ылайык, министрликке караган “Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан тазалоо, кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылып жатат.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.