“Кыялымдагы Кыргызстан” форумунун ыктыярчыларды сыйланды
15 декабрь

“Кыялымдагы Кыргызстан” форумунун ыктыярчыларды сыйланды

2025-жылдын 15-декабрында Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан “Кыялымдагы Кыргызстан” жаштар форумунун алкагында ыктыярчыларды сыйлоо аземи өттү.

Иш-чара форумду уюштурууда режиссёрдук топко жигердүү жардам көрсөткөн, ошондой эле жыл ичинде жаштар саясатын өнүктүрүүгө салым кошкон ыктыярчыларды колдоого багытталды.

Сыйлоо аземин министрдин орун басары Марат Тагаев ачып, ыктыярчылар иш-чараларды ийгиликтүү өткөрүүдөгү негизги күч экенин белгилеп, алардын коомдук активдүүлүгү жаштар саясаты үчүн маанилүү роль ойноорун айтты.

Иш-чаранын жүрүшүндө жигердүү ыктыярчыларга жана жаштар демилгелерин колдогон жарандарга министрликтин атынан ыраазычылык каттар тапшырылды.

Аземдин соңунда форумдун алкагында тартылган кыска видео көрсөтүлүп, катышуучуларга иш-чаранын унутулгус учурлары тартууланды.