Бишкекте "Кыргыз Кербен" заводунан ири өрт чыкты, жерине 5 бөлүм тартылды
Бишкек шаарынын Ак-Сай көчөсүндө жайгашкан "Кыргыз Кербен" заводунан ири өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Кырсык 30-январда катталган.
Тилсиз жоо саат 22:42де чектөөгө алынып, саат 23:49да толугу менен өчүрүлгөн.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 күжүрмөн эсеп, автошаты жана штаб тартылган.
ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам нөөмөтчүсүнүн берген маалыматына ылайык, жабыркагандар жок.
