Манас шаарында муниципалдык эвакуаторлор менен айып короо ишке кирди
31 январь

Манас шаарында муниципалдык эвакуаторлор менен айып короо ишке кирди

Манас шаарында муниципалдык айып короо уюштурулуп, эки даана муниципалдык эвакуатор сатып алынды. 

Мэриядан кабарлашкандай, Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментине караган эвакуаторлор бүгүн, 30-январдан тарта алгачкы ишин баштады.

Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков муниципалдык эвакуаторлордун ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып, алардын ишин уюштурууда мыйзам талаптарын так сактоого өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле муниципалдык айып короонун ишке кириши шаардагы жол тартибин жакшыртууга жана унаа токтотуу эрежелерин сактоону камсыздоого багытталганын белгилеп, андан түшкөн каражат шаар бюджетин толуктоого багытталарын кошумчалады.

Туура эмес токтотулган автоунаалар Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү (ЖКККББ) тарабынан белгиленген тартипте айып короого жеткирилет. Эвакуациялоо акысы 1600 сомду түзөт. Ал эми айып короодо турган унаалар үчүн саатына 21 сомдон төлөм алынат.