видеодон алынган кадр
30 июнь
Бишкекте көчөдө кызга ыдык көрсөткөн адам изделүүдө
Социалдык тармактарда кыз Бишкекте белгисиз эркек тарабынан ыдык көргөнүн билдирди.
Анын айтымында, окуя эртең менен саат 05:40 чамасында Үмөталиев менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Белгисиз эркек күтүүсүздөн аны кармалап, кыз аны түртүп жиберүүгө жетишкен.
Ошондой эле ал шектүүнү сүрөткө жана видеого тартып калуу максатында артынан кууп барууга аракет кылганын айткан.
Ал эми Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан бул маалымат маалыматтарды эсепке алуу журналына катталганын билдиришти. Учурда бул факты боюнча текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
