Күзөт кызматынын төрагасы: Камчыбек Ташиевдин коопсуздугун камсыз кылуу чаралары улантылат
Камчыбек Ташиев
11 февраль

Күзөт кызматынын төрагасы: Камчыбек Ташиевдин коопсуздугун камсыз кылуу чаралары улантылат

Бүгүн президент тарабынан дайындалган Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасы Сыргак Бердикожоев алгачкы кайрылуу жасады. 

Анын кайрылуусу социалдык тармактарда жарыяланды. 

Анда мындай деп айтылат:

“Социалдык тармактарда Камчыбек Ташиевдин коопсуздугу боюнча жарандар билдирип жаткан тынчсыздануулар тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан эске алынууда. Президент Садыр Жапаров тиешелүү тапшырмаларды берди.

Камчыбек Ташиев мурда кайтарууга алынган адам болгон жана анын жеке коопсуздугун камсыз кылуу чаралары мыйзамда белгиленген тартипте мындан ары да улантылат”.