Жабыркагандар жок. Бишкек – Ош унаа жолуна кулаган таштар тазаланды
Эл аралык маанидеги Бишкек – Ош унаа жолунда тоо боорунан кулаган таштар тазаланып, эки тараптуу жол ачык. Жабыркаган жарандар жок. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Белгилей кетсек, бүгүн, 15-декабрь саат 08:00дор чамасында Бишкек–Ош унаа жолунун 427–451-чакырымдар аралыгында жамгырдын кесепетинен тоо боорунан таштар кулап, бир унаанын алдыңкы бөлүгү жабыркаган.
Жерине дароо министрликке караштуу “Кыргызавтожол–Түштүк” мамлекеттик ишканасынын № 38 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникасы тартылган.
Жабыркаган унаа камсыздандырылганы жана келтирилген чыгымдар камсыздандыруу компаниясы тарабынан төлөнүп берилери маалым болду.
