Бишкекте Свердлов РИИБдин жаңы имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды
Борбор калаада бүгүн, 26-майда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жана ички иштер министри Улан Ниязбековдун катышуусунда Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү.
ИИМден кабарлашкандай, административдик имаратта толук капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Инженердик коммуникациялар жаңыланып, электр менен камсыздоо жана жарыктандыруу системалары модернизацияланды, ички бөлмөлөр жаңыртылып, жасалгалоо иштери аткарылып, кызматтык ишмердүүлүктү уюштуруу үчүн заманбап шарттар түзүлдү.
Кызматкерлер үчүн функционалдык жана ыңгайлуу иш мейкиндигин түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Кызматтык бөлмөлөр жаңы эмеректер, компьютердик техника жана керектүү жабдуулар менен камсыздалып, бул күнүмдүк иштин натыйжалуулугун, ыкчам чара көрүүнү жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Жүргүзүлгөн жаңылоо иштери ички иштер органдарынын аймактык бөлүктөрүнүн ишмердүүлүгүн мындан ары өркүндөтүүгө, материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана жарандар менен өз ара аракеттенүүнүн деңгээлин жогорулатууга, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн жана сервистик тейлөөнүн сапатын жогорулатууга багытталган.
