Таласта ири өлчөмдө баңгизат каражатын сактап жүргөн жаран кармалды
15 декабрь

Таласта ири өлчөмдө баңгизат каражатын сактап жүргөн жаран кармалды

2025-жылдын 18-октябрь күнү Талас ОИИБге баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери билдирме менен кайрылган. Билдирмеде Талас облусунун 62 жаштагы тургуну Ч.К. аттуу жаран баңгизатты колдонуп жана өзү жашаган үйүндө сактап жүргөндүгү туураалуу маалымат келип түшкөнүн билдирген.

Аталган билдирме Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-бер. 3-бөл. (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө 2025-жылдын 11-декабрында Талас ОИИБдин баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жана ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Талас облусу боюнча атайын операциялар отрядынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмыш ишине шектүү катары Талас шаарынын 1963-ж.т тургуну Ч.К. кармалып, өзү жашаган Талас шаарында жайгашкан турак-жайына жана короо-сарайларына тинтүү жүргүзүлгөн учурда, бангизаттардын марихуана 18288,54 грамм, каннабистин соломасы 4062 грамм, гашиш 1,29 грамм алынган. Алынган баңгизаттын жалпы салмагы 22 кг, 351 гр түзөт.

Шектүүгө карата Талас шаардык соту тарабынан баш коргоо чарасы каралып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.