www
30 июнь
Кадамжайдагы балдар үйүндө 11 жаштагы өспүрүм каза болгондугу айтылды
Баткен облусунун Кадамжай районунун Совет айыл аймагындагы балдар үйүнүн тарбиялануучусу — 11 жаштагы өспүрүм каза болду. Бул тууралуу Кадамжайдын акими Баяке уулу Болоткан билдиргендигин "Азаттык" жазды.
Анын сөзүнө караганда, өспүрүм 28-июнда аймактагы ооруканада каза тапкан.
Аким маркумдун ага чейин дене табы көтөрүлгөнүн айтып, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы ал “ур-токмокко кабылган эмес” деп чыкканын айтты. Өспүрүмдүн сөөгү 28-июнда жерге берилген. Маалымат боюнча, балдар үйүндө ал эжеси менен чогуу тарбияланып жаткан.
Баяке уулу Болоткан балдар үйүндө 18 бала бар экенин кошумчалап, түзүлгөн шартты “орточо” деп баалады.
