сүрөт: depositphotos.com
12 октябрь
2027-жылы саламаттык сактоо тармагына 71,6 млрд сом бөлүү пландалууда
2027-жылы республикалык бюджеттен саламаттык сактоо тармагына 71,6 млрд сом бөлүү пландалууда. Бул тууралуу финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди.
Бюджеттик гемодиализ программасына 3 млрд 919,2 млн сом каралууда.
Дары-дармек сатып алууга 7 млрд 670,5 млн сом бөлүү пландалууда.
Ошондой эле пренаталдык скринингди киргизүүнү караган «Үмүт» улуттук программасына 1 млрд 550,5 млн сом, ал эми «Дени сак жүрөк» программасына 339,7 млн сом бөлүү каралган.
Мындан тышкары, Улуттук онкология борбору үчүн дары-дармектерди сатып алууга жана Улуттук госпиталга медициналык жабдууларды алууга өз-өзүнчө 101 млн сомдон бөлүү пландалууда.
