Фермерлерди колдоо: Чүй облусунда заманбап муздаткыч комплекси ачылды
Чүй облусунун Беловодское айылында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин алдындагы Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү ишке ашырган «Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында «Клубмалина» ЖЧКсынын заманбап муздаткыч комплекси ишке берилди.
Иш-чарага министрдин орун басары Мирбек Дуйшеев, Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн (ОРСП) директору Тамчыбек Тулеев, фермерлер жана ишкананын өнөктөштөрү катышты.
Долбоордун жалпы наркы 110 млн сомду түзүп, анын 75 млн сому Азия өнүктүрүү банкы каржылаган «Айыл чарбасындагы климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү» долбоору тарабынан каржыланды. Калган сумма ишкананын өздүк салымы болуп саналат.
Министрдин орун басары Мирбек Дуйшеев мындай долбоорлор айыл чарба продукциясын сактоо жана кайра иштетүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, фермерлерди колдоого жана ата мекендик продукциянын экспорттук дараметин жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Ишкананын аянты 1500 чарчы метрге жакын болуп, анда бардык шарттар каралган. Ошондой эле 20дан ашык жумуш орду түзүлдү.
