Бишкекке дагы 600–650 автобус керек – мэр
Бишкек мэриясы
12 октябрь

Бишкекке дагы 600–650 автобус керек – мэр

Бишкек шаарындагы коомдук транспортко болгон муктаждыкты толук камсыздоо үчүн дагы 600-650 автобус сатып алуу зарыл. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев УТРКга берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, буга чейин шаарга 1 миң 600гө жакын автобус сатып алынган. Бирок бул бардык каттамдарды толук тейлөөгө жетишсиз болууда.

«Автобустардын санын болжол менен 2,5 миңге жеткирсек, анда коомдук транспорт менен толук камсыздай алабыз», — деди мэр.

Ал белгилегендей, өзгөчө жаңы конуштарда коомдук транспортко болгон муктаждык жогору. Мындан тышкары, каттамдарды Чүй облусундагы жакынкы калктуу конуштарга чейин узартуу зарыл.

Мэр коомдук транспортту өнүктүрүү жол инфраструктурасын кеңейтүү жана атайын автобус тилкелеринин санын көбөйтүү менен катар жүргүзүлүшү керектигин кошумчалады.