Баткендеги куралдуу жаңжалда жабыркаган мал-мүлк үчүн тургундар канча сом компенсация алганы айтылды
12 октябрь

Баткендеги куралдуу жаңжалда жабыркаган мал-мүлк үчүн тургундар канча сом компенсация алганы айтылды

Баткендеги 2020-2021-жылдардагы куралдуу кагылышууда өрттөнгөн үйлөрдүн ээлерине толугу менен компенсация төлөнүп бүткөн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Баткен району жана Баткен шаарынын тургундары менен жолугушуусунда аталган облустун губернатору Мамыржан Рахимов билдирди.

Жергиликтүү турган президентке кайрылып, 5 жылдан бери өрттөнгөн мүлктөр үчүн компенсациялар толугу менен төлөнбөй жатканын билдирген.

“Эмне себептен компенсация төлөнгөн жок?” – деп сурады анда президент губернатордон.

Мамыржан Рахимовдун айтымында, бардык компенсация төлөнүп бүткөн. Ал эми тургун айтып жаткан ал башында адамдардын өздөрү айткан боюнча эсептелгендер.

“Элдин айтканы менен эле жазыла берген 1 миллиард сомдук компенсация тууралуу айтып жатат. Биз ал боюнча элге түшүндүрүп, ал төлөнбөйт деп айтып келатабыз. Экономика министрлиги төлөнбөйт деген тыянак чыгарган. А андан башка өрттөнгөн үйлөр калыбына келтирилди. Жакында Тажикстандан калган үйлөрдү да ээлерине өткөрүп беребиз”, – деди губернатор.

Мамлекет башчы тургундан: “Сиздин үй өрттөндү беле? Жаңы үй куруп бериштиби?” – деп сураганда, тургун “ооба” деп жооп берди.

“Анда кайсы компенсация тууралуу айтып жатасыз?” – деди президент.

“Мал-мүлкүбүз кошо өрттөнгөн да. Бир кийим менен гана калганбыз. Тоногонун тоноп, көтөргөнүн көтөрүп, анан калганын өрттөп кетишкен да”, – деди тургун.

“Өрттөнгөн үйлөрдү жаңы салып бердик. Бир короодо эки-үчтөн үйүбүз бар эле, биринде улуу балабыз, биринде кичүү балабыз жашачу деп айткандар чыкты. Ошондуктан бул боюнча Министрлер Кабинетинин төрагасы башында турган жумушчу комиссия түзүп, ошондой талашы бар үйлөр тууралуу кошуналарынан сураштырабыз, чындап эле бир короодо 2-3 үй бар болгон болсо, анда беребиз. Андан тышкары эмерек алгыла, мал-жан алгыла деп 100 миң сомдон 500 миң, 1 миллион сомго чейин бергенбиз”, – деди президент.