Кыргызстанда ажылык сапар 11-майда башталат
Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 11-майдан тарта ыйык сапарга аттанат.
Муфтияттан билдиришкендей, ыйык сапарга чыккан ар бир зыяратчы үчүн Сауд Аравияга кирүүдө тартипти сактоо абдан маанилүү. Бул эрежелерди кармануу сапарды жеңилдетип, убакытты үнөмдөйт.
Зыяратчылар үчүн эң маанилүү нерселердин бири – Nusuk картасы (бейжик). Бул картасыз Меккеге жана ыйык жерлерге кирүүгө мүмкүн эмес. Ошондой эле ал негизги кызматтарга жетүүнү камсыз кылат.
Картаны кантип аласыз?
• Ал сизге ажылыкты уюштуруу штабы (ажы башчыңыз) тарабынан берилет.
• Санарип версиясы Nusuk жана Tawakkalna тиркемелеринде жеткиликтүү.
