Оштогу Сары-Зоо айылында таза суу жана көпүрө маселеси чечилет
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев 21-апрелде тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен бирге Кызыл-Кыштак айыл аймактык башкармалыгына караштуу Керме-Тоо жана Сары-Зоо айылдарынын тургундары менен жолугуп, алардын арыз-муңун укту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Сары-Зоо айылынын тургундары таза суу жана унаа өтүүчү көпүрө маселелерин көтөрүштү. Шаар мэри аталган көйгөйлөр боюнча тез арада долбоор иштеп чыгууну тиешелүү жетекчилерге тапшырды.
Ошондой эле Керме-Тоо айылынын бир катар чечилбей келген социалдык маселелери бар экени белгилүү болду. Алардын ичинен эң орчундуусу – аймакта таза сууга болгон муктаждыктын жогору экени. Калаа башчысы бул көйгөйдү чечүү менен катар, балдар үчүн кичи футбол аянтчасын куруу, жолдорду асфальттоо жана тротуарларды салуу маселелери да караларын билдирди.
