Ош: борбордук стадиондун жанына сквер курулуп, пайдаланууга берилди
15 декабрь

Ош: борбордук стадиондун жанына сквер курулуп, пайдаланууга берилди

Бүгүн, 15-декабрда Ош шаарынын А. Сүйүмбаев атындагы борбордук стадионунун кире бериш бөлүгүнө курулган чакан эс алуучу жай пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ачылышына мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана жашоочулар катышты.

Стадиондун батыш тарабында буга чейин ар кандай тейлөөчү жайлар иш жүргүзүп келген.

Шаар мэринин тапшырмасынын негизинде бул курулуштар алынып, ордуна заманбап талаптарга жооп берген эс алуу сквери курулду. Жасалган иштер толугу менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланды.