Чүйдө 125 даана көмөкчордондун 96сы техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү
Чүй электр тармактар ишканасынын Көмөк чордондор кызматы келе жаткан күз-кыш мезгилине карата 29 даана көмөкчордонду оңдоп, 96 даана көмөкчордонду техникалык тейлөөдөн өткөрдү.
Энергетика министрлигинен билдиришкендей, көмөк чордондор кызматынын кызматкерлери Чүй облусу боюнча жалпы 125 көмөкчордонду тейлейт.
Алар:
- 2 даана 500 кВ “Кемин”, “Фрунзе”;
- 3 даана 220 кВ “Быстровка”, “Чуйская”, “Кара-Балта”;
- 20 даана 110 кВ,
- 97 даана 35 кВ көмөкчордондор.
Мындан тышкары, Чүй электр тармактар ишканасынын кызматкерлери алдыдагы күз-кыш мезгилине карата АСКУЭ акылдуу эсептегичтерди, темир бетон мамычаларын орнотуу, аба чубалгыларын жаңылоо боюнча бир катар иштерди аткарды.
