Чолпон-Атадагы жолдордун сапаты текшерилүүдө
19 июнь

Чолпон-Атадагы жолдордун сапаты текшерилүүдө

Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун кызматкерлери өлкө аймагындагы жол-транспорт инфраструктура объекттеринин сапатын системалуу негизде көзөмөлдөп келет.

Кезектеги көчмө текшерүүнүн алкагында адистер Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы Ч. Айтматов, Акматбай-Ата жана Школьная көчөлөрүндө курулуп жаткан унаа жолдорунун сапатын текшерди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө лабораториялык сыноолорду жүргүзүү үчүн жол жабындысынан керн үлгүлөрү алынды. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча аткарылган иштердин долбоордук документтерге жана колдонуудагы курулуш ченемдерине шайкештигине баа берилет.

Белгилей кетсек, курулуш ченемдеринин жана долбоордук документтердин талаптарына ылайык, иштин сапатын камсыз кылуу максатында жол инфраструктурасына туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүлөт.