Чүй: Уруксатсыз башталган 8 кабаттуу турак жайдын курулушу токтотулду
18 июнь

Чүй: Уруксатсыз башталган 8 кабаттуу турак жайдын курулушу токтотулду

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы тарабынан аймактагы курулуш объектилери туруктуу негизде көзөмөлдөнүүдө.

Анын алкагында Сокулук району, Фрунзе көчөсү 175 дарегинде жайгашкан 8 кабаттуу турак жайдын курулушунда шаар куруу мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары аныкталды.

Тактап айтканда, аталган объектте тиешелүү уруксат берүүчү документтер алынбастан курулуш иштери башталган. Мындан тышкары, объект мамлекеттик курулуш реестрине катталбастан, жер казуу иштери жүргүзүлгөнү белгилүү болду. Аталган аракеттер Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын бузуу болуп саналат.

Аныкталган мыйзам бузуулардын негизинде “Ремстрой” ЖЧКсына карата протокол түзүлүп, 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле мыйзам бузуулар толук жоюлганга чейин курулуш-монтаждоо иштери токтотулду.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш иштерин жүргүзүп жаткан бардык компанияларды шаар куруу мыйзамдарынын жана курулуш ченемдеринин талаптарын так сактоого чакырат.