Канатбек Мурзахалилов: УКМК төрагасынын кызматтан алынышы – Кыргызстандагы жаңы саясий циклдин башталышы
Кечээ, 10-февралда президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Камчыбек Ташиев Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы кызматынан бошотулду.
"Гуров жана өнөктөштөр – Борбордук Азия” коммуникациялык тобунун башкаруучу өнөктөшү, тарых илимдеринин кандидаты Канатбек Мурзахалилов иш жүзүндө өлкөнүн экинчи адамы катары кабыл алынган Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышы кадрдык алмашууну эмес, бүткүл күч түзүмүндөгү терең кайра курууну билдирет деп эсептейт.
Эксперттин айтымында, буга Ташиевдин кызматтан алынаары менен УКМК башчысынын милдетин аткаруучу дароо дайындалганы, мурдагы төраганын үч орун басары кызматтан бошотулганы, Чек ара кызматы УКМКнын карамагынан чыгарылып, өзүнчө мекемеге айланганы, Мамлекеттик күзөт кызматынын 9-кызматын түздөн-түз президентке баш ийдирүү чечими кабыл алынганы далил.
“Чындыгында, күч структурасы УКМКнын ичинде топтолгон моделди демонтаждоо жүрүп жатат. Эми башкаруу түздөн-түз президенттин көзөмөлүнө өтүп, атайын кызмат акыркы жылдары ээ болгон саясий салмагын жоготот. Негизги фигуралардын ортосундагы аргасыздыктан пайда болгон тең салмактуулук мезгили аяктайт. Бийлик акырындык менен катаал жана бир багыттуу конфигурацияга кайтып келет”, – дейт ал.
Эксперт алдыда Камчыбек Ташиевге тиешеси бар министрлер жана облус башчылары да алмашуусу мүмкүндүгүн айтат.
Ал белгилегендей, эпкин биринчи кезекте Ош шаарынын мэрине тийиши ыктымал. Анткени, Ош – салттуу түрдө барометрдин ролун ойнойт жана ал жактагы ар кандай кадрдык чечим бүтүндөй системага сигнал берет.
Мындан аркы өлкөдөгү саясий кырдаал кандай болоорун болжолдогон эксперт өлкөнүн “аба ырайы” УКМКнын мурдагы төрагасынын аракетине жараша болоорун белгилейт.
“Анын саясаттан кетиши күмөн. Бирок жакынкы аралыкта чыр-чатакты күтүүнүн да кереги жок. Бүгүн бир нерсе айкын - Ташиев кеткенден кийин Кыргызстан жаңы саясий циклге кирди. Ал эми анын эрежелери жаңыдан гана түзүлүп жатат”, – деди Канат Мурзахалилов.
